КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбековго Россияга өмүр бою кирүүгө тыюу салынды
КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбековго Россияга өмүр бою кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактарындагы баракчасында билдирди.
Карыпбековдун айтымында, ал жакында Москва шаарына барып, Эльбрус тоосуна туристтик тур уюштурууну пландаган. Бирок чек арадан өтүп жатканда аны кармап, бир нече саат суракка алышкан.
«Бир нече күндөн кийин, Бишкекке кайтып келген соң, мени кайра суракка чакырып, сүрөткө тартып, Россияга кирүүгө тыюу салынганы тууралуу документти тапшырышты», – деди ал.
Карыпбеков мындай чечимге анын Кыргызстан аймагындагы орус пропагандасына байланыштуу коомдук билдирүүлөрү себеп болушу мүмкүн деп болжолдойт.
Ал ошондой эле ушундай чаралар башка коомдук ишмерлерге да колдонулуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, комик Нурлан Сабуровго мурда Россияга узак мөөнөткө кирүүгө тыюу салынган, ал эми анын учурдагы жагдайында өмүр бою тыюу тууралуу сөз болууда.
Буга чейин Россия тарап «стоп-листтерди» түзүп келген – бул өлкөгө кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын тизмеси. Мындай тизмелерге адатта саясатчылар, коомдук ишмерлер, медиа, маданият жана бизнес өкүлдөрү киргизилет.
Чектөөгө кабылган белгилүү инсандардын катарында америкалык актёр Морган Фриман, DreamWorks Animation студиясынын башчысы жана кинопродюсер Джеффри Катценберг, Гарвард университетинин Россия жана Евразияны изилдөө боюнча Дэвис борборунун директору Рави Абделяль, Freedom House укук коргоо уюмунун президенти Майкл Абрамович, ошондой эле АКШ президенти Жо Байдендин үй-бүлө мүчөлөрү – Жилл Байден, Хантер Байден, Эшли Байден жана башкалар бар. Тизмелерде ошондой эле журналисттер, эксперттер жана батыш өлкөлөрүнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, анын ичинде ЦРУнун директору Уильям Бернс жана эл аралык алдыңкы ЖМК кызматкерлери да кездешет.
Адатта мындай чечимдер саясий билдирүүлөргө, санкцияларга же Россия бийлиги «достукка жат» деп баалаган аракеттерге жооп катары кабыл алынат. Конкреттүү адамдардын «стоп-листке» киргизилишинин расмий себептери көп учурда ачык айтылбайт.
Илим Карыпбековго байланыштуу кырдаал боюнча Россия тараптан расмий комментарий азырынча бериле элек.
