Ош шаарында каралбай калган автогараж жаңыланууда
19 сентябрь

Ош шаарында каралбай калган автогараж жаңыланууда

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогаражды оңдоп-түзөө иши улантылып жатат.

Мэриядан билдиришкендей, учурда сырткы көрүнүшү жакшыртылып, чатырын жабуу иштери аяктап калды. Автогараждын актап-сырдоо жумушу да башталды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жеңишбек Токторбаев автогаражды текшерип чыгып, капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырган.