Талас шаарынын мэри жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштерин текшерди
9 август

Талас шаарынын мэри жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштерин текшерди

Мэр Нургазы Асылбеков шаар аймагында жүргүзүлүп жаткан жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Мэр аткарылып жаткан иштердин сапатына жана шаарды көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, “Жашыл чарба” жана “Коммуналдык кызмат көрсөтүү” ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.