ИИМ башчысы коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылды
Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына караганда, социалдык тармактарда коомдук жайда тамеки чегүү фактысы тартылган видео тараган.
Бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү.
КР мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгилейбиз.
Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.
