Баткенде ири инфраструктуралык объектилердин курулушу жүрүүдө
Баткен облусунда ири инфраструктуралык объектилердин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, облус башчысы Мамыржан Рахимов курулуш иштери менен таанышты.
Алгач Баткен шаарында курулуп жаткан 10 миң орундуу заманбап стадиондун курулушу менен таанышты. Бул стадион аймактагы спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзмөкчү.
Андан соң Чет-Булак кварталында жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык базарында болушту, бул долбоор шаар тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүү, соода-сатыкты ирээтке келтирүү жана санитардык талаптарды жакшыртуу максатында курулууда. Буга чейин да бул долбоор аймактагы экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган маанилүү долбоорлордун бири катары белгиленип келген.
Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан “Асман-1” турак жай комплексинде болду. Аталган долбоор калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу багытындагы ири программалардын бири болуп саналат. Буга чейин маалымдалгандай, турак жайлар заманбап талаптарга жооп берип, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов бул курулуштар өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү маанилүү экенин айтып, долбоорлор Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошуп, аймактын инфраструктурасын жакшыртууда маанилүү роль ойнойт.
