ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгына жаңы куткаруу шаймандары тапшырылды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгына керектүү куткаруу шаймандарын тапшырды. Бул тууралуу мэридан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын эсебинен башкармалыкка төмөнкү шаймандар тапшырылды:
- мотопомпа,
- дрон,
- стабилизатор,
- өрт өчүрүүчүлөрдүн атайын кийими,
- байланыш каражаттары жана башка бир катар зарыл жабдыктар .
Бул шаймандар ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жана тилсиз жоодон сактанууда пайдаланылып, калкка ыкчам кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.
