Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Өскөн Даникеев акыркы сапарга узатылды
Бишкекте түгүн, 15-августта Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор Өскөн Даникеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркум менен коштошууга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, коомдук жана саясий ишмерлер, жакындары жана санаалаштары келишти.
Союзбек Надырбеков Өскөн Даникеевди элибиздин улуттук жүрүм-турумдарын, үрп-адатын, каада-салтын, руханий байлыгын, адеп-ахлактык мурасын, адабият жааты аркылуу, жазмалык өнөрдүн чеберчилиги менен башка улуттарга, дүйнөгө таанытканын белгилеп, жакындарын көңүл айтты.
Андан кийин сөз алып сүйлөгөндөр кыргыз адабиятына жаңылыктарды алып келген Өскөн Даникеевди парасаттуулугун жана жогорку адамгерчиликтүүлүгүн белгилешип, чыгармачылыгын үстүндө талыкпай изденген, өз ишинин кесипкөйү, кыргыз адабиятынын өрнөктүү адамы болгондугун айтышты.
Эл жазуучунун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Өскөн Даникеев 1934-жылдын 21-декабрында Сокулук районунда туулган. 1956-жылы Москва тоо-кен институтун аяктагандан кийин көмүр ишканаларында инженер, кийин Кыргыз ССРинин Көмүр өнөр жай министрлигинде улук инженер болуп эмгектенген.
1962-жылдан тартып Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу болуп иштеп, кыргыз тилинде чийме геометриясы боюнча алгачкы окуу китебинин автору болгон жана инженердик-графикалык терминдердин сөздүгүн түзгөн.
1970-жылдардын ортосунда Москвадагы М. Горький атындагы Жогорку адабият курстарын бүтүргөн соң өзүн толук бойдон адабиятка арнаган. Ал “Ала-Тоо” журналынын проза бөлүмүнүн башчысы, адабий кеңешчи, андан кийин Кыргыз ССР Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы кызматтарын аркалаган. Анын “Кыздын сыры”, “Сыйкырдуу таш”, “Өмүр белестери”, “Көкөй кести” сыяктуу чыгармалары кыргыз адабиятынын тарыхында татыктуу орун алган жана көптөгөн тилдерге которулган. “Көкөй кести” романы үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Ал маданиятты жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктар – “Ардак белгиси” ордени, “В.И. Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган каарман эмгеги үчүн” медалы, III даражадагы “Манас” ордени, “Эл агартуунун отличниги” жана “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамдары, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
