Таласта “Баластан” балдар оюн-зоок борбору курулууда. Министр иштин темпин күчөтүүнү тапшырды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында облус башчысы Эрмат Жумаев менен биргеликте бир катар курулуш объектилерин текшерди.
Алардын бири — Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдар оюн-зоок борбору. Аталган объекттин курулушу 2025-жылдын күз мезгилинде башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин болжол менен 60 пайызы аяктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү, объекттин инженердик инфраструктурасы, колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапаты жана курулуштун белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүшү менен таанышты.
Ошондой эле министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге курулуш иштеринин темпин күчөтүү жана курулуштун сапатын туруктуу негиздөө көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маданий, эс алуу жана экономикалык борборлорунун бирине айланат.
Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлөт.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
