Бишкекте 40,7 миң чаырымдан ашык СИП-кабель тартуу пландалууда
Бишкекте 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында электр тармактарын этап-этабы менен жаңылоо иштери башталууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтик саясат энергетика тармагынын туруктуулугун камсыздоо жана инфраструктураны жаңылоо максатында жүргүзүлүп келет.
Энергетика тармагындагы жоготууларды азайтуу, жаңы ГЭСтерди куруу жана эскирген жабдууларды алмаштырууга шарт түзөт.
Буга ылайык, жүргүзүлгөн тарифтик саясаттын аркасы менен Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан шаардык электр тармактарын жаңылоо боюнча ири көлөмдөгү иштер аткарылууда.
2026-жылы Бишкек шаарында 40 700 кмден ашык СИП-кабелди тартуу жана реконструкциялоо каралган.
Иштер марттан ноябрга чейин жүргүзүлүп, шаардын негизги электр тармактарын камтыйт.
Райондор боюнча:
Чыгыш РЭТ— 4,5 км
Батыш РЭТ— 21 420 км
Түндүк РЭТ— 19 272 км
Негизги иштердин багыттары:
Долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылат:
• эскирген электр берүү линияларын жаңылоо
• эски зымдарды заманбап изоляцияланган СИП-кабелдерге алмаштыруу
• жаңы тирөөчтөрдү орнотуу жана учурдагы конструкцияларды бекемдөө
• жаңы абоненттерди кошуу жана турак жай массивдериндеги тармактарды өнүктүрүү
• иштеп жаткан линиялардагы жүктөмдү азайтуу
• электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтуу
Кыш мезгилиндеги ишенимдүүлүк:
Кышкы шарттарда электр тармактарынын туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. СИП-кабелди колдонуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
• кардын жабышуусун жана муздун пайда болушун алдын алуу
• кыска туташуулардын тобокелдигин азайтуу
• аба ырайынын татаал шарттарында да электр энергиясын туруктуу берүү
Күтүлгөн жыйынтык:
Долбоорду ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
• электр менен камсыздоонун сапатын жана туруктуулугун жогорулатуу
• авариялык кырдаалдардын санын олуттуу кыскартуу
• электр энергиясын өткөрүүдөгү жоготууларды азайтуу
• кыш мезгилинде энергосистеманын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу
• жаңы керектөөчүлөрдү кошууга шарт түзүү
Жибек БПЭС: Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармактарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, аварияларды азайтууга, электр энергиясынын жоготууларын кыскартууга жана керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилиндеги жогорку жүктөм учурунда сапаттуу жана туруктуу электр менен камсыз кылууга багытталган.
