Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны 6,1% азайды
Кыргызстанда 10-мартта 16-мартка чейинки аралыкта курч респиратордук вирустук инфекциялардын 8372 жана сасык тумоонун 16 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оору 6,1%га азайган. Ооругандардын 5,8%ы (485 учур) ооруканага жаткырылды.
Октябрь айынан бери (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 11-жумасына чейин) 2458 үлгү алынды, анын ичинен 519у оң, анын ичинде А тумоосу - 48,4% (251 учур), В - 48,2% (250 учур), COVID-19 - 3,4% (18 учур).
Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылган – 28,5% (367 учур), РС вирусу – 25,1% (324 учур), аденовирус – 12,2% (158 учур), I-IV парагрипп – 12% (152 учур), башкалар – 28%.
Республикада COVID-19 инфекциясын жуктурган учурларга жумалык мониторинг уланууда. 2025-жылдын 11-жумасында оорунун учурлары катталган жок.
