Таластагы «Чоң-Капка» өткөрмө пунктунун айланасы иретке келтирилүүдө
15 август

Таластагы «Чоң-Капка» өткөрмө пунктунун айланасы иретке келтирилүүдө

Талас облусунун Манас районундагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пунктунун айланасы жана кирип-чыгуу жолдору асфальтталып, жол чийиндерин чийүү иштери аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, капиталдык салымдар беренесинин тизмесине кирген бекетте транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында кирип-чыгуу жолдор 2 тилкеден 4 тилкеге кеңейтилди.

Учурда унаа токтотуучу жайдын айланасын асфальттоого жердин негизин даярдоо, жолду бөлүп турган темир тосмолор орнотулууда.

Жумуштар министрликке караштуу № 48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.