Кыргызстан менен Түркия аскердик кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулады
1 сентябрь

Кыргызстан менен Түркия аскердик кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулады

2026-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов менен Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк аскердик кызматташтыгынын учурдагы абалын, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл эки мамлекеттин коргонуу ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого, тажрыйба алмашууга, аскер кадрларын даярдоого жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө бурулду.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, аскердик кызматташтык жалпы алганда эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Түркия Республикасы Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө толук даяр экендигин белгиледи.

Тараптар ошондой эле кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө, кесиптик байланыштарды чыңдоого жана коргонуу жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы салттуу достук жана бир туугандык мамилелерди мындан ары чыңдоого болгон өз ара кызыкчылыкты дагы бир жолу тастыктады.

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Бишкекке Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган баштаган түрк делегациясынын курамында келди.