Кара-Суудагы ооруканада 9 тез жардам унаасы бар, бирок анын бир-экөөсү гана иштейт
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев Кара-Суу районундагы медициналык мекеменин маселесин көтөрдү.
Айтымында, аталган райондо 9 тез жардам унаасы бар, бирок иш жүзүндө алардын бир-экөөсү гана жарактуу.
“Жакында Кара-Сууда аймактык оорукананын жаңыланган имараты ачылды, ага президент да катышты. Бул тургундардын ыраазычылыгын жаратты. Бирок оорукананын алдындагы тез жардам кызматы олуттуу көйгөйдөн арыла албай турат, тез жардам унааларынын көбү эскирген, колдонуудан чыккан”, – деди депутат.
Ал Министрлер Кабинетине кайрылып, кыска убакытта аталган райондун аймактык ооруканасына 4-5 жаңы тез жардам унаасын бөлүп берүүнү суранды.
