Сокулук районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга байланышкан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
12 октябрь

Сокулук районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга байланышкан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Сокулук РИИБне 1989-ж.т. А.У. атту жарандын арызы келип түшкөн, ал арызында Ж.А. атту жарандын үстүнөн чара көрүп берүүну суранган, себеби 2022-жылы алдоо жолу менен анын ишеничине кирип Сокулук районуна караштуу мурунку аты Военно-Антоновка айылындагы (жаңы аты Кожомкул) 295-контурунан 4-даана 4-сотиктен болгон участокторду ар бирин 10 000 АКШ долларына баалап жалпысы 40 000 АКШ долларына сатып жиберген. Ал эми, азыркы учурда участоктордун ээси бөлөк болгону аныкталып, андан тышкары суу свет орнотконго, ишеним кат жаздырып даярдаганы жана участокторго Кызыл китеп даярдатканга деген шылтоо менен жалпы 440 000 миң сом акча каражатын алып ушул күнгө чейин участокторду бербей же акча каражатын кайтарбай ар-кайсы шылтоону айтып жүрөт деп.

Бул факты Сокулук РИИБне каттого алынып Кыргыз Республикасынын КЖК 209 (Алдамчылык) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, Ж.А. атту жарандын үстүнөн чара коруп берүүну суранып 1977 ж.т. Э.К., 1981 ж.т. У.К. атту жарандар, жогоруудагы фактыга окшош арыздары менен кайрылышкан.

Арыздар каттого алынып Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1977 жылы туулган Ж.А. атту жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралган.
Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүдө.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кармалган Ж.А. атту жарандын колунан жапа чеккендерди Сокулук РИИБине же 0312 60-75-67 же 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүм) телефондору аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөт.