Америкада кыргызстандык кармалды. КР ТИМ окуя боюнча үн катты
28 февраль

Америкада кыргызстандык кармалды. КР ТИМ окуя боюнча үн катты

Массалык маалымат каражаттарында Кыргыз Республикасынын жараны А.М.нын Америка Кошмо Штаттарынын аймагында кармалгандыгы тууралуу жарыяланган маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

Учурда Кыргыз Республикасынын жараны А.М. АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (U.S. Immigration and Customs Enforcement, ICE) карамагындагы Аризона штатындагы «Eloy Detention Center» иммиграциялык убактылуу кармоо борборунда кармалууда.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу бул маселени АКШнын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу иштеп чыгууда жана кырдаалды туруктуу көзөмөлдө кармап турат.