Таиланд 15-сентябрдан тарта кыргызстандыктар үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө кыскартат
Таиланд 15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө кыскартат.
Тиешелүү токтом Таиланддын расмий «Королдук гезитинде» жарыяланды.
Жаңы эрежелер 2024-жылдын июль айынан бери колдонулуп келген, анын негизинде Кыргызстандын жарандары кирген 93 өлкөнүн жарандарына Таиландда визасыз 60 күнгө чейин болууга уруксат берилген тартипти өзгөртөт.
Кыргызстан жарандары туристтик максатта Таиландга визасыз кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат.
Ошол эле учурда 15-сентябрга чейин Таиландга кирген кыргызстандыктар мурдагы тартипке ылайык 60 күнгө чейин жүрө алышат.
Жаңы талаптар күчүнө киргенден кийин келгендер үчүн визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндү түзөт. Ошондой эле Таиланддын иммиграциялык органдары аркылуу болуу мөөнөтүн бир жолу дагы 30 күнгө узартууга мүмкүнчүлүк берилет.
Мындан тышкары, 30 күндүк визасыз режим киргизилген өлкөлөрдүн жарандары кургактыктагы чек ара бекеттери аркылуу Таиландга бир календардык жыл ичинде эки жолудан ашык кире алышпайт.
Таиланд бийлиги визасыз режимди кайра карап чыгууну чет өлкөлүктөрдүн өлкөдө узак мөөнөткө болушун көзөмөлдөөнү күчөтүү жана коопсуздук маселелери менен байланыштырган.
