Чаткал районунда 62 орундуу оорукана курулууда
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
12 март

Чаткал районунда 62 орундуу оорукана курулууда

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында заманбап 62 орундуу райондук оорукананын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, күн мурун, 11-мартта облус башчысы Тилек Текебаев курулуш иштеринен кабар алды.

Аталган долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунан, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жана Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан каражаттар бөлүнгөн. Курулуш иштерин тендер аркылуу уткан “Авангард Констракшн” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Долбоор боюнча оорукана үч кабаттан турат. Биринчи кабатында амбулаториялык кабыл алуу бөлүмү, бейтаптарды кабыл алуу бөлүмү, компьютердик томография жана тез жардам бөлүмдөрү жайгашат. Экинчи кабатта хирургия жана төрөт бөлүмдөрү, ал эми үчүнчү кабатта балдар жана терапия бөлүмдөрү, ошондой эле административдик бөлүмдөр каралган.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, подрядчы компанияга жана тиешелүү кызматтарга жумуштарды сапаттуу жүргүзүү, курулуш нормаларын так сактоо жана объектти белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.