Төрага Каракол шаарындагы социалдык жана эс алуу объектилерин кыдырды
Жогорку Кеңеш
28 июль

Төрага Каракол шаарындагы социалдык жана эс алуу объектилерин кыдырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 27-28-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы бир катар социалдык, билим берүү жана эс алуу объектилеринин абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Төраганы “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Рахат Жунушбаева, Дастан Бекешев, Болот Сагынаев, Табылды Муратбеков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери коштоп барды.

Алгач Төрага Каракол шаарындагы жаңы уюштурулган пляж аймагын көрүп чыгып, жүргүзүлүп жаткан көрктөндүрүү жана инфраструктуралык иштер менен таанышты. Жооптуу жетекчилер туристтик потенциалды жогорулатууга багытталган долбоорлор, эс алуучулар үчүн түзүлгөн шарттар жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришти.

Андан соң Марлен Маматалиев Каракол шаарындагы №7 жалпы билим берүү мектебине барып, билим берүү мекемесинин учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жана келечектеги өнүктүрүү пландары менен таанышты. Жолугушууда мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана билим берүү сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш сапарынын алкагында Төрага 1989-жылы салынган №4 жана №5 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын да кыдырып, жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыктары жана бала бакчаларды мындан ары жакшыртуу боюнча пландар менен таанышты.

Марлен Маматалиев мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана заманбап шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Андан соң депутаттар Каракол шаарындагы «Восход» эс алуу аймагында болуп, анын инфраструктурасы жана эс алуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты. Ошондой эле объектти мындан ары өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат угулду.

Иш сапар Каракол шаардык паркын көрүү менен жыйынтыкталды.

Төрага парктагы реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүн жеринде көрүп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз коомдук жайларды түзүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү иштерин башка калааларда да улантуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары, Марлен Маматалиев Каракол шаарынын тургундары менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту. Жергиликтүү эл тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте керектүү иштер алып барыларын белгилеп, ар бир кайрылуу мыйзамдын алкагында караларын билдирди.