Эмгек министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү жарандарга 14 млн рублдан ашык эмгек акы боюнча карызды өндүрүүгө жардам берди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо боюнча системалуу иштерди улантып, алардын Россия Федерациясынын аймагындагы эмгек ишмердүүлүгүнө жана жүрүүсүнө байланышкан маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүдө.
2026-жылдын башынан бери Өкүлчүлүктүн көмөгү менен Кыргыз Республикасынын 194 жаранына мурда төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп берилип, анын жалпы суммасы 14 373 900 рублду түздү.
Мындан тышкары, Өкүлчүлүк өндүрүштө алган жаракаттын кесепетинен ден соолугуна зыян келтирилген Кыргызстандын үч жаранына иш берүүчүлөрдөн компенсация өндүрүп алууга көмөк көрсөттү. Төлөнгөн компенсациялардын жалпы суммасы 4 550 000 рублду түздү.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жыл башынан бери 397 жолу Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмдөрүнө, Москва шаарынын жана Москва облусунун миграция маселелери боюнча бөлүмдөрүнө, ошондой эле Москва шаарынын райондор аралык прокуратураларына чыгышты. Бул иш-чаралар укуктук жана консультациялык жардамга муктаж болгон 843 Кыргыз Республикасынын жаранынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлдү.
Өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү Россия Федерациясында жүргөн кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө, алардын эмгек укуктарын коргоого жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган.
