Баткендеги Жийделик – Ак-Кыя жолунун 11,3-чакырымына толук асфальт төшөлдү
Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Жийделик – Ак-Кыя автожолунун 11,3 чакырымына асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган иштер Капиталдык салымдар беренесинин каражаттарынын эсебинен аткарылды.
Жол оңдоо учурунда кууш тилкелер жоюлуп, туурасы кеңейтилди.
Белгилей кетсек, 2 тилкелүү Жийделик – Ак-Кыя автожолунун жалпы узундугу 11,3 км түзөт.
