Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
8 май

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

2026-жылдын 7-май күнү Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун Кой-Таш жана Ала-Арча суу жээктеринде суу кырсыктарын алдын алуу максатында эс алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жарандарды жашы жете элек балдарды кароосуз калтырбоого, сууга түшпөөгө жана кооптуу аймактарга барбоого чакырышты.

Мындан тышкары, эс алуу жайларында таштандыларды таштабоо, коомдук тартипти сактоо жана өзгөчө балдардын коопсуздугуна көңүл буруу боюнча эскертүүлөр берилди. Ошондой эле милиция кызматкерлери жарандарга өзгөчө тоо сууларынын агымы катуу жана кооптуу болоорун эскертип, этият болууга чакырышты. Эс алуучулар арасында түшүндүрүү баракчалары таратылып, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маалыматтар жеткирилди.

Аталган алдын алуу иш-чарасынын негизги максаты – жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, ошондой эле суу кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.