Кочкордо баасы 7 млн сомдук жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды
16 февраль

Кочкордо баасы 7 млн сомдук жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды

Кочкор районунда мыйзамсыз берилген жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышынын жана сакталышынын алкагында жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2012-жылы Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштун ичинде жайгашкан, жалпы аянты 0,40 гектарды түзгөн жер тилкелери мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталды.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 7 млн 200 миң сомду түзгөн калктуу конуштун ичиндеги жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.