Кылым карыткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевди Жеңиш күнү менен куттукташты
8 май

Кылым карыткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевди Жеңиш күнү менен куттукташты

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Дамир Алыбаев, ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев жана Ички аскерлердин ардагерлер кеңешинин төрагасы Тынычбек Касымбеков, 102 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Джумашевди Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттукташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерге терең урмат көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.

Милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов куттуктоо сөзүндө:

“Сиздердин кан майдандагы каармандыгыңыздардын аркасында бүгүн өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болууда. Биздин бейпил жашообуз, элибиздин эркиндиги жана келечек муундун бакубат турмушу - сиздердин эрдигиңиздердин үзүрү.