Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери «Бандит» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чараны өткөрүүдө
16 февраль

Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери «Бандит» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чараны өткөрүүдө

2026-жылдын 13-февралынан 25-февралына чейин республиканын аймагында «Бандит» аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өтүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты – уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, соттон жана тергөөдөн жашынып жүргөн адамдарды издөө, ошондой эле мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды, ок-дарыны жана баңги каражаттарды табуу жана алып коюу болуп саналат.

Бул иш-чаранын алкагында борбор калаанын милициясынын ыкчам жана тергөө бөлүмдөрү тартылып, коомдук коопсуздукту камсыздоого жана кылмыштуулук абалды турукташтырууга багытталган алдын алуу жана ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар 30дан ашык жаран аймактык бөлүмдөргө жеткирилди. 7 жаранга административдик чаралар көрүлүп, 3 жаран соттун чечими менен Бишкек шаарынын ИИББнын КККнын атайын кабыл алуучу жайына камалды. Ошондой эле пневматикалык куралдар жана алардын муляждары алынды.

Бишкек шаарынын ИИББнын жарандарды укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө, мыйзам талаптарын сактоого жана мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалыматтарды дароо билдирүүгө чакырат.