Азамат Осмонов Иссык-Ата районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди көрүп чыкты
20 декабрь

Азамат Осмонов Иссык-Ата районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Иссык-Ата районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди көрүп чыкты.

Кен-Булун айыл аймагына караштуу Ивановка айылында Азамат Осмонов №3 Ивановка башталгыч мектебинин абалы менен таанышты. Учурда аталган мектепте долбоордук кубаттуулугу 150 окуучуга эсептелгенине карабастан, миңден ашуун бала билим алууда. Окуу аянттарынын жетишсиздигинен улам окуучулар үч нөөмөт менен окуп жатышат, бул билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Новопокровка айылында жайгашкан мурдагы оорукана имаратын көрүп чыкты. Келечекте бул объектти төрөт үйү катары пайдалануу пландалууда, бирок имарат учурда канааттандырарлык эмес абалда болуп, капиталдык оңдоону же толугу менен бузуп, жаңы имарат курууну талап кылат.

Аталган эки объект тең Иссык-Ата районунун аймагында жайгашкан жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылат.

Жыйынтыгында Азамат Осмонов жергиликтүү бийлик органдарына, райондук мамлекеттик администрацияга, ошондой эле тиешелүү муниципалдык түзүмдөргө кыска мөөнөттө сметалык документтерди, зарыл болгон эсептөөлөрдү жана долбоордук сунуштарды даярдоону тапшырды.

Берилген тапшырмалардын аткарылышы жеке көзөмөлгө алынды.