Турсункулов Намибиянын Эл аралык мамилелер жана соода боюнча министринин орун басары менен телефондо сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Намибия Республикасынын Эл аралык мамилелер жана соода боюнча министринин орун басары Женелли Матунду менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы байланыштарды жандандыруу боюнча макулдашышты.
Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу пландарын талкуулашты.
