Ташкентте Борбор Азиянын эксперттери үчүн жаңы психоактивдүү заттарды аныктоо боюнча окуу болуп өттү
Ташкентте (Өзбекстан) синтетикалык баңгизаттарды, анын ичинде жаңы психоактивдүү заттарды (ЖПЗ) аныктоого, ошондой эле сапатты башкаруунун эл аралык стандарттарына ылайык отчеттуулуктун заманбап форматтарын иштеп чыгууга арналган аймактык семинар болуп өттү.
Иш-чарага Борбор Азиянын эксперттери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын КЭМВИ башкармалыгынын башкы эксперти М.Сатарова катышты.
Окутуу Өзбекстан Республикасынын Бажы комитетинин Борбордук бажы лабораториясынын базасында өттү. Италиядан, Литвадан келген эл аралык адистер, ошондой эле Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борборунун (ЦАРИКЦ) эксперттери инструктор болушту.
Программанын негизги максаты Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын ортосунда жаңы кооптуу заттар жөнүндө маалымат алмашуунун туруктуу мамлекеттер аралык механизмин түзүү болду. Мындай система жаңы наркотиктерди ыкчам аныктоого жана алардын жайылышына каршы чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
Семинар интенсивдүү теориялык программаны жана практикалык сабактарды камтыды. Катышуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүштү:
- жаңы психоактивдүү заттарды талдоонун заманбап ыкмалары;
- наркотикалык каражаттарды криминалисттик иликтөөнүн куралы катары профилдөө;
- соттук-химиялык лабораторияларда сапатты контролдоо системаларына карата эларалык мамилелер;
- сандык талдоонун негиздери, анын ичинде калибрлөө ийри сызыктарын куруу, методикаларды валидациялоо жана сапатты ички контролдоо.
Практикалык бөлүк заманбап аналитикалык жабдууларды колдонуу менен экспертиза жүргүзүүгө арналды.
Agilent 7890 жана Shimadzu газ хроматографтары масс-спектрометриялык детекторлор менен, анын ичинде тетрагидроканнабинолдун сандык талдоосу.
Программанын аягында бардык катышуучуларга эл аралык үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.
