Кыргызстанда бир жумада дээрлик 27 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында алдын ала маалыматка караганда, 9нан 15-февралга чейинки аралыкта 26 миң 916 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинде:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 2 974;
- Мас абалында унаа башкаруу - 427;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 151;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 627;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 751;
- Автоээнбаштык - 22;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 629;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 4;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 12 628;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 703 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
