Жарымы мамлекетке, жарымы жеке чөнтөгүнө, – президент УКМКнын ишмердүүлүгү тууралуу суроого жооп берди
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМКнын кызматкерлеринен запкы көргөн ишкерлердин маселесин көтөрдү.
Эске салсак, бүгүнкү жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.
Депутат президенттен УКМКнын буга чейин кылган иштерин иликтеп, баа берүүнү өтүндү.
“Андагы кызматкерлерден басым көрүп, оокаттарын тарттырып жиберген ишкерлер бар. Ачык айткыла, жазгыла десең, тартып алган тараптын туугандары дагы деле прокуратурада, президенттик администрацияда иштеп жатышканын айтып, кооптонушат. Бишкек кичинекей эле жер да. Мен алардын арызын сизге жөнөтөйүн, кабыл алып коюңуз”, – деди депутат.
Ошондой эле ал УКМК мамлекеттин эсебине өткөргөн мүлктөр тууралуу маалымат берүүнү, анткени бул боюнча коомдо “жарымын УКМКда иштегендер өздөрүнө же туугандарына каттап алышкан” деген сөздөр бардыгын кошумчалады.
Садыр Жапаров ишкерлерден арыз түшсө, калыс текшерип, адилет чечим чыгарууга прокуратурага, ИИМге, УКМКга тапшырма бергенин билдирди.
“Жарымын өздөрүнө алып, жарымын мамлекетке өткөрүү боюнча да айттым, бул дагы иликтенсин, ким жарымын өз чөнтөгүнө салып алса, ал аныкталса, кайра мамлекетке берсин. Ал эми ишкерлердин бизнесин тартып алуулар болсо, кайра өздөрүнө кайтарылсын дедим”, – деди президент.
Мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөрдүн тизмеси тууралуу президент, бул боюнча ревизия жүргүзүлүп бүткөндөн кийин, баары ачык жарыялана турганын кошумчалады.
