Кыргыз илиминин көрүнүктүү өкүлү Раиса Кыдырбаева акыркы сапарга узатылды
Белгилүү фольклорист, манастаануучу, филология илиминин доктору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Кыдырбаева Раиса Заитовна 96 жаш курагында дүйнө салды.
Окумуштуу бүгүн, 12-январда жерге берилди.
Раиса Кыдырбаева 1930-жылы туулган. Ал кыргыз фольклористика илиминде, өзгөчө «Манас» эпосун илимий негизде изилдөөдө зор салым кошкон көрүнүктүү илимпоз катары таанылган. 1984-жылы филология илиминин доктору илимий даражасын коргоп, 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган. Ошондой эле илимге эмгек сиңирген ишмер наамына ээ болгон.
Окумуштуу 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (орус бөлүмү), 1956-жылы А.М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз ССР Илимдер академиясынан баштап, 1956–1986-жылдары кенже жана улук илимий кызматкер болуп иштеген. 1986-жылдан 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун «Манас» бөлүмүндө бөлүм башчы, жетектөөчү жана башкы илимий кызматкер болуп үзүрлүү эмгектенген.
Раиса Кыдырбаеванын «Манас» эпосунун салттуулук жана жекелик маселелери», «Манас эпосунун генезиси» аттуу фундаменталдуу эмгектери манастаануу илимин жаңы теориялык деңгээлге көтөргөн. Ал эпостун поэтикалык жана тарыхый түп-тамырын байыркы түрк тили, археология, этнография, мифология, дин жана философия менен айкалышта изилдеп, илимий чөйрөдө жогору бааланган жыйынтыктарды берген.
Мындан тышкары, «Саринжи Бөкөй», «Жаңыл Мырза» эпосторуна, манасчылардын айтуучулук чеберчилигине, эпостун варианттарына арналган бир катар монографияларды жарыялаган. 1988-жылы чыккан М.Убукеевдин «Улуу манасчы» даректүү тасмасынын илимий кеңешчиси болгон.
Раиса Кыдырбаева фольклористика илиминин теориясы боюнча илимий мектеп түзүп, көптөгөн илим докторлорун жана кандидаттарын даярдаган.
