Асеин Исаев Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Миссиясынын жаңы башчысы Франсуа Бланси менен жолугушту
26 август

Асеин Исаев Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Миссиясынын жаңы башчысы Франсуа Бланси менен жолугушту

2025-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) Кыргызстандагы Миссиясынын жаңы башчысы Франсуа Бланси жолугушту.                        

А.Исаев Ф.Блансини Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башчысы катары ишин башташы менен куттуктады.       

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен ЭККК ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде эл аралык гуманитардык укук жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тармагындагы учурдагы долбоорлор талкууланды.                                                               

А.Исаев Кыргызстандагы ЭККК миссиясынын аймактардагы медициналык кызматкерлерди колдоого жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн табигый кырсыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган маанилүү ишин баса белгиледи.                                                                                                          

Ф.Бланси Кыргызстандагы ЭККК миссиясынын келечектеги артыкчылыктарын жана пландарын сунуштап, гуманитардык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз өнөктөштөрү менен активдүү кызматташууну улантуу ниетин билдирди.                                             

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын ТИМнин Биринчи орун басары А.Исаев өлкөдө актуалдуу долбоорлорду ишке ашырууда Миссияга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады жана кызматташууну мындан ары да чыңдоого чакырды.