Ош–Ноокат жолундагы кемчиликтерди жоюуга 3 күндүк мөөнөт берилди
16 июль

Ош–Ноокат жолундагы кемчиликтерди жоюуга 3 күндүк мөөнөт берилди

Социалдык тармактарда Ош–Ноокат унаа жолунун сапатына байланыштуу жарыяланган видеоматериалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери көчмө лаборатория менен жеринде текшерүү жүргүзүштү. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош–Ноокат унаа жолунун Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүндөгү 3-4-чакырымында (Ош багыты боюнча) бир катар кемчиликтер аныкталды. Асфальт-бетон жабындысынын сапаты текшерилип, лабораториялык сыноо үчүн керн үлгүлөрү алынды. 

Жыйынтыгында башкы подрядчы — “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө башкармалыгына (ДЭУ-21) карата акт түзүлүп, талаптарга жооп бербеген жол тилкесин кайра жасоо боюнча көрсөтмө берилди. Кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчыга 3 күндүк мөөнөт белгиленди.