Ошто күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
26 август

Ошто күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 16:31де республиканын аймагында жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун аймагында 5 баллга чейин жетти:

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кулчу жана Кара-Шыбак айылдарында – 5 балл, Дароот-Коргон, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме айылдарында – 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Кабык жана Кашка-Суу айылдарында – 3 баллга чейин.

Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.