Саламаттык сактоо министрлиги отчеттуулукту оптималдаштырууну улантып, санариптик чечимдерди киргизүүдө
26 август

Саламаттык сактоо министрлиги отчеттуулукту оптималдаштырууну улантып, санариптик чечимдерди киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызматкерлердин административдик жүгүн азайтуу жана саламаттык сактоо тутумуна санариптик технологияларды киргизүү боюнча системалуу ишти улантууда. Акыркы жылдары отчеттук жана эсепке алуу документациясын оптималдаштыруу боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетишилди.

Экинчи этапта ведомстволук отчеттук формалардын саны 11ге кыскарган — 24төн 13кө чейин. Ошондой эле 131 эсепке алуу медициналык формасы жоюлуп, алардын жалпы саны 241ден 110го азайган, анын ичинде 16 форма санарип форматка өткөрүлгөн. Бул чаралар документ жүгүртүүнү кыйла жөнөкөйлөтүп, кайталанган формаларды алып салып, медициналык персоналдын бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүсү үчүн убакытты бошотууга мүмкүндүк берди.

Санариптик трансформацияны мындан ары өнүктүрүү алкагында Саламаттык сактоо министрлиги жумушчу топ түздү. Анын курамына саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринин өкүлдөрү — баштапкы звенодон тартып адистештирилген мекемелерге чейин, ошондой эле негизги багыттар жана профилдер боюнча адистер кирди. Жумушчу топтун негизги максаты — эсепке алуу жана отчеттук формалардын бардык түрлөрүн (журналдарды, каттоо формаларын жана башка медициналык документацияларды) комплекстүү түрдө кайра кароо жана аларды электрондук форматка өткөрүү.

Санариптик трансформациянын кийинки кадамдары калган формаларды электрондук форматка өткөрүүгө, медициналык документтер үчүн бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле процесстердин ачыктыгын жана медициналык кызматкерлер менен бейтаптар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталат.

Саламаттык сактоо министрлиги отчеттуулукту оптималдаштыруу жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү боюнча «Санарип MED» санариптик саламаттык сактоонун максаттуу моделин ишке ашырууда ырааттуу саясатты улантууда. Бул иш-аракеттер медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана жарандардын саламаттык сактоо системасына ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.