Эркин Чечейбаев: Улуттун ден соолугуна кам көрүү – Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция
26 август

Эркин Чечейбаев: Улуттун ден соолугуна кам көрүү – Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция

2025-жылдын 26–28-август күндөрү Ысык-Көл областында «Ден соолук – адамдык потенциалдын негизи: коркунучтарды алдын алуу» аталышындагы III Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. 

Конференция Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Молдовадан келген эксперттерди глобалдык саламаттык сактоо чакырыктарын талкуулоо үчүн бириктирди. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов видео кайрылуусунда жарандардын ден соолугу – өлкөнүн башкы байлыгы экенин баса белгиледи. Башкы баяндамачы катары Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сөз сүйлөп, мамлекеттик саясатта оорунун алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо артыкчылыктуу багыт экенин көрсөттү.

Эркин Чечейбаев ден соолукка болгон салым өлкөнүн келечегине түздөн-түз инвестиция экенин белгиледи:

«Ден соолук – бул медициналык гана эмес, экономикалык категория экенин эстен чыгарбоо керек. Оорунун алдын алуу менен биз калктын эмгекке жөндөмдүү катмарын сактап калабыз. Бул — эл узак жашап, иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошот дегенди билдирет», – деди министр.

Ал оорулардын алдын алуу боюнча акыркы жылдардагы оң жылыштарды белгиледи. STEPS изилдөөлөрүнүн маалыматына ылайык, 2011–2023-жылдар аралыгында артериялык гипертониянын жайылуусу 43%дан 30%га чейин, ал эми эркектер арасындагы тамеки тартуу деңгээли 48%дан 33%га чейин азайган. 

«Бул – мамлекеттин, дарыгерлердин жана коомчулуктун биргелешкен аракетинин натыйжасы. Бирок көптөгөн бейтаптар жардамга өтө кеч, оору алда канча өтүшкөндө гана кайрылышат», – деп белгиледи ал.

Мындан аркы коркунучтарды азайтуу үчүн министр илимий негизделген ыкмаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Атап айтканда, туура эмес тамактануу, жашылча-жемиштерди аз керектөө, ашыкча салмак жана ашыкча туз колдонуу сыяктуу факторлорго каршы комплекстүү чаралар зарыл экенин айтты.

Өзгөчө көңүл ден соолукту чыңдоо кабинеттерине (ДЧК) бурулду. 

«ДЧК адистери жарандарды туура тамактанууга, физикалык активдүүлүккө үйрөтөт, тамеки жана спирт ичимдиктеринен баш тартууга жардам берет. Бул тармакты өнүктүрүү жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуунун ачкычы», – деди министр.

Эркин Чечейбаев профилактикага болгон мамлекеттик деңгээлдеги колдоону да белгиледи. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова балдар арасында ашыкча салмакка каршы күрөшүүнү жана жол кырсыгынан болгон жаракаттарды алдын алууну активдүү илгерилетүүдө. Президент Садыр Жапаров болсо дени сак жашоо образын кеңири жайылтып, дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук объектилерди, анын ичинде тоо-лыжа кластерлерин курууга салым кошуп жатат. Бул кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. 

«Президент менен дарыгерлердин үлгүсү жарандарды өз ден соолугуна кам көрүүгө шыктандырат», – деп ишеним арта айтты министр.

Министр конференциянын катышуучуларына өлкөнүн өнүгүүсүндөгү негизги ресурс катары ден соолуктун жаңы түшүнүгүн калыптандырууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, туруктуу келечек үчүн практикалык чечимдерди иштеп чыгууга чакырды.

Конференциянын программасына төмөнкү маселелер кирет:

  • Климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасири жана адаптациялык стратегиялар;
  • Электрондук тамекини колдонуунун, өзгөчө жаштар үчүн, кесепеттери;
  • КМШ жана БРИКС өлкөлөрүндө биокоопсуздук;
  • Пандемияларга каршы күрөштө саламаттык сактоонун ролу;
  • Оорулардын алдын алуунун социалдык-гигиеналык аспектилери;
  • Ден соолукка таасир эткен жүрүм-турумдук жана маданий факторлор.

Катышуучулар алдын алуунун мыкты тажрыйбаларын, жаңы медициналык технологияларды жана көп тармактуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунушташат. Конференциянын негизги максаты – тажрыйба алмашуу, стратегияларды иштеп чыгуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аркылуу коркунучтарды алдын алуу жана жашоонун сапатын жогорулатуу.