Кыргызстанда жылдын аягына чейин видеобайкоо камераларынын саны эки эсеге чейин көбөйтүлөт
23 июнь

Кыргызстанда жылдын аягына чейин видеобайкоо камераларынын саны эки эсеге чейин көбөйтүлөт

2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда видеобайкоо камераларынын санын азыркы 10 миңден 20 миңге чейин көбөйтүү пландалууда. Мындай милдет «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында коюлган.

Коопсуздук системасын санариптештирүү маселелери 23-июнда онлайн форматта өткөн Ички иштер министрлигинин аппараттык жыйынында талкууланды. Жыйынга министрликтин жетекчилиги, борбордук аппараттын кызматтарынын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Видеобайкоо камераларынын санын көбөйтүү менен катар, боди-камераларды, кызматтык планшеттерди, учкучсуз учуучу аппараттарды жана башка техникалык каражаттарды кеңири пайдалануу маселеси да каралды.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып, коомдук коопсуздукту чыңдоо, укук бузуулардын алдын алуу жана ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашты.