Айдоочулар үчүн жаңы эреже: кандай жол эрежесин бузганда жеринде сынак тапшырышат жана билетте канча суроо болот
Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар жаңы тартипке баш ийишет. Ал – жол эрежесин бузган маалда айдоочулук деңгээли канчалык экени жеринде сынак аркылуу аныкталат. Белгилей кетсек, бул боюнча президент Садыр Жапаров ушул жылдын апрель айында тийиштүү кызматтарга тапшырма койгон.
“Айдоочуларда туура маалымат болушу керек: алар “капысынан жеңил-желпи жол эрежесин бузуп алсам, МАИ кызматкерлери токтотуп алып, убактымды коротуп сынак алабы” деп ойлошпосун. Андай болбойт. Жол эрежеси оор түрүндө бузулганда, жол кырсыгына себеп болуп калганда айдоочулардан жеринде сынак алынат”, – деди ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Байказы Айтикул.
Айтымында, айдоочуларды жеринде сынак тапшырууга милдеттүү кылган эреже бузуулар төмөнкүлөр:
- катуу ылдамдык;
- каршы тилкеге чыгуу, жанындагы автоунааларды ашып өтүү, маневр жасоо аркылуу жол эрежесин бузуу;
- жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө;
- МАИ кызматкеринин “токто” деген талабына баш ийбей, жол жүрүүсүн улантуу;
- мамлекеттик атайын жаап-жашырып алуу;
- автоунааны техникалык бузуктарына карабай айдоо;
- терезени мыйзамсыз караңгылатуу;
- кошумча үн чыгаруучу, жарык берүүчү мигалкаларды мыйзамсыз орнотуу;
- оор жана кооптуу жүк ташуучу автоунааларды тийиштүү уруксат кагазы жок айдоо.
“Ушундай фактылар аныкталганда гана биздин кызматкерлер автоунааны токтотуп, айдоочудан жеринде жол эрежелери боюнча сынак алат. Ал дагы кызматкердин түз катышы аркылуу алынбайт, санариптешүүнүн негизинде атайын электрондук планшеттер колдонулат. Мисалы, 150 жол белгиси боюнча бир билетте 6 суроо болот – анын төртөөсүнө туура жооп бергендер сынактан өттү деп эсептелинет, үчөөнө туура эмес жооп бергендер “жол эрежесин билбейт” деп кабыл алынат дагы, анын айдоочулук күбөлүгү алынып, андан ары сынак тапшыруу үчүн “Унаа” мамлекеттик агенттигине жөнөтүлөт”, – деди Байказы Айтикул.
