Ош шаарында Алымбек датка көчөсү расмий ачылды
26 август

Ош шаарында Алымбек датка көчөсү расмий ачылды

Бүгүн, 26-августта Ош шаарындагы Алымбек датка болуп өзгөртүлгөн ири көчө расмий ачылды.

Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты.