Гүлназ Исаева: Эмгек министрлиги сүйлөшүү жолу менен Россиядагы миграциялык бөлүмдөрдүн иштөө графигин өзгөрттү
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграциялык саясат боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Гүлназ Исаева 10-сентябрда Россиядагы мигранттардын легалдашуу мөөнөтү соңуна чыгарын эскертти.
Айтымында, буга чейин статусун мыйзамдаштырууну каалаган мигранттар бир катар көйгөйлөргө учурап келген. Мисалы, Россиянын миграциялык бөлүмүнүн иштөө графиги кыска болгондуктан: аптасына 2-3 күн жана күнүнө 2-3 саат иштегендиктен көп сандагы мигранттарды тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жетишпеген.
“Бул абал июль айынан бери өзгөрдү. Эмгек министринин миграция тармагына жооп берген орун басары Россияга барып, РФ ИИМинин өкүлдөрү менен жолугуп, ушул көйгөйдү жеткирди. Ошондон баштап бул жааттагы иштер башталып, бизге РФ ИИМи да маалымат беришти: миграция бөлүмдөрүнө 2-3 кошумча кызматкер бөлүндү жана иштөө графиги саат 09.00дөн 18.00гө чейин белгиленди. Бирок бул да жетишсиз болуп калышы мүмкүн, анткени, 10-сентябрга эки жума убакыт калды. Ошондуктан биздин жарандардын өздөрүнүн аракети жана демилгеси да керек”, – деди Исаева.
Ал белгилегендей, РКЛ (Реестр контролируемых лиц) бир гана 18 жаштан ашкан жарандарды гана эмес, 18 жашка чейинкилерди да камтыйт. Алардын тизмеге кирип калуусунун себеби – ата-энеси менен Россия жергесинде жашап, бирок убактылуу жашоого уруксат алынган эмес. РФ ИИМи эгерде жашы жете электерге жашоого уруксат (вид на жительство) берилсе, аларды реестрден чыгарууга болоорун түшүндүргөн.
