Бишкек: Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “Өспүрүм-эмгек” жана “Селсаяк” аталышындагы профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү
20 декабрь

Бишкек: Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “Өспүрүм-эмгек” жана “Селсаяк” аталышындагы профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү

Ленин РИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын, Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Ленин райондук Билим берүү борборунун өкүлдөрү менен биргеликте 2025-жылдын 18–19-декабрь күндөрү Ленин районунун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында “Өспүрүм-эмгек” жана “Селсаяк” аттуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүштү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты – жашы жете элек балдардын балдар эмгегинин эң начар түрлөрүнө тартылышын алдын алуу жана жоюу болуп саналат.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 32 жашы жете элек өспүрүм аныкталган. Анын ичинен 1 өспүрүм Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген, 12 өспүрүм ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык 19 ата-энеге протокол түзүлдү.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы ата-энелерди балдар эмгегин колдонбоого жана балдардын билим алуусуна тоскоолдук кылбоого чакырат.