Россиядагы мигранттар: 377 миң кыргызстандык статусун легалдаштырды
26 август

Россиядагы мигранттар: 377 миң кыргызстандык статусун легалдаштырды

Россияда ушул тапта иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар өздөрүнүн статусун легалдаштырууга эки жумадай убакыт калды. Россия Федерациясынын президентинин өткөн жылдын декабрь айында чыккан жарлыгынын негизинде, реестрге кирген мигранттар өздөрүнүн абалын мыйзамдаштыруусу зарыл. Мөөнөт – 10-сентябрь. 

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыровдун айтымында, 25-августка карата Россияда статусун легалдаштырган кыргызстандык мигранттардын саны 377 миңге жетти. Ал эми эмгек жана жарандык укуктук келишимдерди түзгөндөрдүн саны – 701 миң. 

“Эмнеге легалдашкандардын саны 377 миң болсо, келишим түзгөндөрдүн саны 701 миң болуп, эки эсеге көп болуп кетти деген суроо жаралышы мүмкүн. Кыргызстандыктардын арасында жумуш берүүчү менен келишим түзүп, бирок каттоого турбай, аралыктан иштегендер бар”, – деди Кадыров.