Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелген жаран кармалды
20 декабрь

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелген жаран кармалды

2025-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматына Биринчи май районунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды сатуу фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, жасоо же сатуу максатында сактоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан «Переброс» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында Үч-Коргон жана Журнальная көчөлөрүнүн кесилишинде 2003-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалды.

Жеке текшерүү жүргүзүү учурунда кармалган жарандан, тактап айтканда, курткасынын оң чөнтөгүнөн көк түстөгү изолента менен оролгон, өзгөчө жыты бар, болжолдуу түрдө баңгизат заты болгон 28 таңгак табылып, алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган зат синтетикалык баңгизат болуп, Telegram мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу андан ары сатууга багытталган.

Учурда аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынын. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.