Сентябрдан тартып Каракол – Алматы автобустук каттамдары ачылат
26 август

Сентябрдан тартып Каракол – Алматы автобустук каттамдары ачылат

Сентябрдан тартып “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол – Алматы – Каракол автобустук каттамдары ачылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымына караганда, эми үстүбүздөгү жылдын сентябрынан баштап Союз маалында каттап, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары жанданат.

Аталган каттам жыл бою иштемекчи.

"Учурда Кыргызстандын транспорт министрлиги казакстандык кесиптештери менен белгиленген автобус каттамын жандантуу боюнча тиешелүү иш алып барууда. Буга чейин маалымдалгандай, 25-августтан тартып “Каркыра-Унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштады", – деди ал.

Бул чечим эки өлкө лидери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин макулдашууларынын жыйынтыгы менен кабыл алынган.