Ак-Суу районунда «Арсенал» операциясынын алкагында мыйзамсыз заттар аныкталды
20 декабрь

Ак-Суу районунда «Арсенал» операциясынын алкагында мыйзамсыз заттар аныкталды

Ак-Суу РИИБ тарабынан район аймагында өткөрүлүп жаткан «Арсенал» ыкчам-профилактикалык операциясынын жүрүшүндө 2025-жылдын 16-декабрында Ак-Суу РИИБге жарандардын бири тарабынан үйүндө мыйзамсыз ок атуучу курал сакталгандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, ал Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Т.Н. экендиги аныкталган.

Шектүүнүн жашаган дарегинде мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кампасынан бир даана желим идишке салынган, болжол менен 400 граммды түзгөн спирт жыты бар жашыл түстөгү белгисиз зат, ошондой эле бир даана айнек идишке салынган, 670 граммды түзгөн өзгөчө жапайы кенедирдин спецификалык жыты бар күрөң түстөгү суюк зат табылып, далил зат катары алынган.

Мындан тышкары, мал кармоочу сарайдын жанындагы контейнердин ичиндеги дивандын алдынан полиэтилен баштыкка оролгон, болжол менен 110 граммды түзгөн күрөң түстөгү, спецификалык жыты бар наркотикалык зат табылган. Ошол эле учурда ок атуучу курал аныкталган эмес.

Учурда алынган заттар боюнча тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.