Сох – Кан – Зардалы жолунун курулушу уланууда
Сох – Кан – Зардалы жолунун курулушу уланууда, деп билдирет президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызаты.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Айбек Шаменов курулуш иштеринен кабар алган.
Учурда Сары-Талаа – Кызыл-Таш участкасында 11 чакырым жол кеңейтилди, бир даана сел сууларын өткөрүүчү сел өткөргүч курулду.
Андан тышкары, Кызыл-Таш – Зардалы участкасында 6 чакырым жаңыдан жол салуу иштери жүрүүдө.
