Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар мамлекеттин колдоосунда жеңилдетилген шарттарда кредит алууга жарандарга көмөк көрсөтүү жөнүндө жарнаманы Telegram месенджери аркылуу таратышууда.
Ишенимге кирүү үчүн алдамчылар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшүп, Telegram месенджеринде кредит алган кардарлардын ыраазычылыгы деп жалган билдирүүлөрдү мисал катары келтирүүдө. Андан кийин алдамчылар ар кандай шылтоо менен (камсыздандыруу, комиссия ж.б.) жарандарга акча которуу зарылдыгын айтышып, жасалма кредиттик келишимди жөнөтүп жатышат.
Ушуга байланыштуу, Улуттук банк бул – кезектеги алдамчылык схема экендигин эскертет.
"Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоңуз! Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз. Эскерте кетсек, Улуттук банк калкка кредит бербейт, жеке адамдарды тейлебейт жана эсеп ачпайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Эгерде сиз алдамчылык схемасына кабылып калсаңыз, банктык картаңызды дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын номери (312) 61-04-86.
