Маматалиев Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуп
Жогорку Кеңештин «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуп, учурдагы жагдай тууралуу маалымат алды.
Белгилүү болгондой, ушул тапта жалпысынан 13 миңден ашуун чет элдик номерлүү автоунаа мыйзамдаштырылган.
ИИМдин өкүлү Нурдин Самбаев билдиргендей, 168-токтом боюнча 1-октябрдан тартып мыйзамдаштырылбай калган автоунаалар өлкөдөн чыгарылышы кажет, же тетиктерге бөлүп сатылып, утилдештирүү зарыл.
Көпчүлүк жарандар унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей жатканын жана 1-октябрда бүтө турган мөөнөттү узартууну, Россия Федерациясынан арзан баада алынган унааларды каттоо төлөмүн азайтып берүүнү өтүнүүдө.
Адистер ырастагандай оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруунун төлөмү 50 миң сомду түзөт. «Ал эми сол рулдуу унааларды катталган өлкөгө, маселен, Орусияга кайра айдап барып, ал жактан сөзсүз каттоодон чыгарып, кайра Кыргызстанга алып келип каттоого койсо болот. Мында 13 миң сомдун тегерегинде төлөм жүргүзүлөт», - деп билдирди Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Руслан Тыналиев.
Депутат Марлен Маматалиев кайрылган жарандардын маселесин чечүү, тагыраагы, легалдаштыруу мөөнөтүн жылдыруу боюнча тийишүү жетекчилер менен чогуу иш алып бара турганын айтты. Аны менен катар Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарына да маселени жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүсү боюнча кайрылып жатканын билдирди.
