ИИМдин БМЖККК: баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын сатуу менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районунан Бишкек шаарына баңгизатын сатуу максатында алып келген 2002-ж.т. Н.у.Р., 2005-ж.т. Б.Ж.М., 2006-ж.т. М.у.Н., 2006-ж.т. С.у.Б. атуу жарандар кармалышкан.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.
Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.
КР Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалган 2002-ж.т. Н.у.Р., 2005-ж.т. Б.Ж.М., 2006-ж.т. М.у.Н., 2006-ж.т. С.у.Б. атуу жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторуна киргизилди. Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
