Сурабалдиевадан “саясий суроо”: УКМК чекист деген атка татыктуу эмес кызматкерлерден тазаландыбы? 
23 июнь

Сурабалдиевадан “саясий суроо”: УКМК чекист деген атка татыктуу эмес кызматкерлерден тазаландыбы? 

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевге: “УКМК акыркы болгон окуялардан кийин тазаланып бүттүбү же дагы деле тазаланып жатасыңарбы?” – деген “саясий суроо” узатты. 

“Чыныгы чекист деген атка татыктуу эместер кеттиби?” – деди депутат. 

Эрбаев суроонун маанисин алгач түшүнбөдү, депутаттан: “Тактап койсом болобу, эмнеден тазаланып деп жатасыз?” –  деп сурады. 

Сурабалдиева сөз “ишкерлерди тоногон, колу таза эмес, өз элине туура эмес мамиле жасаган кызматкерлер тууралуу болуп жатканын” түшүндүрдү. 

“Элден андай кызматкерлерге болгон 500-600 арыз-муң келгени айтылууда. Бизге, депутаттарга да келүүдө, биз аларды Башкы прокуратурага, УКМКга, айрымдары президенттик администрацияга жөнөтүп жатабыз. Ошондуктан тазаланып жатабы деген ачык суроо берүүгө туура келүүдө“, – деди депутат. 

Эрбаев өзгөрүүлөр болуп, президент тарабынан коюлган тапшырмалар жигердүү аткарылып, структуралык, системалуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, системага чекист болууга татыксыз адамдар кирип калганын да четке каккан жок. 

“Дзержинский айткандай, мээси – муздак, жүрөгү – ысык, колу – таза адам чекист боло алат. Бирок беш кол барабар эмес экен, ичинде анча-мынча жанагындай кызматкерлер бар. Ал боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат. Биз билдиргендей, 96 кызматкер иштен четтетилген, анын 24үнө кылмыш иши козголгон. Өзүбүз козгогон да кылмыш иштер бар”, – деди ал. 

УКМК төрагасы кошумчалагандай, элден келген 386 арыз дагы тийиштүү кызматтар тарабынан каралып жатат.