Бишкекте жаңы ГЭСтерди жана көмөк чордондорду куруу боюнча долбоорлор талкууланды
6 октябрь

Бишкекте жаңы ГЭСтерди жана көмөк чордондорду куруу боюнча долбоорлор талкууланды

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана ИБР тобунун Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун келечеги талкууланды.

Тараптар Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ИБР тобунун кошкон олуттуу салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл аралык долбоорун ишке ашыруу, «Тамга–Каракол» 220 кВ аба электр берүү линиясын куруу жана башка долбоорлор камтылат.

Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттарына — гидроэлектр станцияларын, көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын курууга, иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоого, ошондой эле заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

«Кыргызстан үчүн жетишилген өнөктөштүктүн деңгээлин сактоо менен гана чектелбестен, жаңы ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга өтүү маанилүү. Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын алдында жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактык инфраструктураны өнүктүрүү, иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүү боюнча маанилүү милдеттер турат. Биз ИБР тобу менен кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз жана ушул багыттар боюнча биргелешкен ишти улантабыз деп ишенебиз», — деди Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков.

Өз кезегинде Хаммад Хундал ИБР тобу Кыргыз Республикасы менен өз ара кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

«Ислам өнүктүрүү банкынын тобу Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн кызматташтыкты жогору баалайт жана аны мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар. Биз келечектүү энергетикалык долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантууга жана Кыргызстандын заманбап жана туруктуу энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деди Хаммад Хундал.

Жолугушуунун жыйынтыгында энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган келечектүү долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантуу боюнча даярдык ырасталды.